Карашев: Пенсия чегерүү тартибин жеңилдетишибиз керек

763 кароо Жогорку Кеңеш 0

Эл өкүлдөрү тарабынан биринчи окууда колдоого алынган “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу, демилгечи депутаттардын бири Аалы Карашев менен маек.

- Демилгеленип жаткан мыйзамдын негизги максаты тууралуу учкай маалымат берсеңиз?

- Бүгүнкү күндө ардактуу эс алууга чыгып жаткан жарандарыбыз үчүн пенсия чегерүү тартиби өтө татаал. Тагыраагы, пенсияга чыгыш үчүн Социалдык фондго кайрылган жарандар документ топтоп жатып эле көп убактысын жана каражатын коротот. Өзгөчө 1996-жылга чейинки эмгек акысы жана кайсыздандыруу төгүмдөрү тууралуу маалыматтарды табуу өтө оор. Анткени, жоюлуп кеткен же ишин токтоткон уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда иштешкен жарандар маалымкат ала албай, кыйла оор кыйынчылыктарга тушугууда. Мындай иш берүүчүлөрдүн катарына, мурдагы СССР маалындагы жамааттык жана биргелешкен чарбалар, өнөр жай жана башка ишканалар, кийинки коммерциялык уюмдар кирет. Бул көйгөй башка өлкөлөрдүн аймактарында иштеген жана аскер кызматын өтөгөн жарандарыбызга да таандык. Андыктан, узак убакыт эмгектенип, татыктуу пенсия алууга келгенде ар кайсы жактан маалымкат топтоого мажбур болгон жарандарыбызга жеңилдик берүүбүз зарыл. Ага ылайык. жаңы мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, пенсия чегерүүчү мекемелер керектүү документтерди тиешелүү жерлерден атайын тартиптин негизинде өздөрү суратып алышы керек. Тагыраагы, пенсия курагына алты ай калганда эле жарандарыбыз паспортун, эмгек китепчесин жана катары менен 60 айдагы эмгек акысы тууралуу маалыматкатты гана берүүгө милдеттүү. Ал эми башка керектүү маалыматтарды алуу пенсия чегерүүчү мекеменин иши болушу шарт. Экинчиден, керектүү документтердеги так эместиктерди аныктоо тартиби да бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан мыйзамда каралган эмес. Ар бир социалдык фонддун кызматкери өзүнүн түшүнүгүнө жараша документтеги так эместиктерди ар кандайча аныктап, ар башка маалыматты талап кылып жатканы арбын. Андыктан, мыйзамга кайсы учурда документтердеги маалыматтар так же так эмес болорун көрсөткөн аныктаманы киргизип жатабыз. Үчүнчүдөн, ар бир жарандын келечектеги пенсиясы үчүн которулуп жаткан акчасы жана анын көлөмү тууралуу маалыматтарды заманбап электрондук шартта, каалаган учурда алуусу үчүн өздүк кабинеттерди ачуу маселеси да каралууда.

- Аталган мыйзамды коомдук талкуудан өткөрүү учурунда өлкө жарандары тарабынан пенсия чегерүү маселесине тиешелүү дагы кандай көйгөйлөр айтылды?

- Жарандарыбыз социалдык фонд талап кылган керектүү маалымкаттарды топтоодо кезек күтмөй көп кыйынчылык туудуруп жаткандыгын белгилешти. Андан тышкары, чет өлкөдө иштеген жарандарыбыздын пенсияга чыгуу маселеси да курч экени айтылды. Анткени мигранттардын иштеген жериндеги социалдык фонддорго төлөгөн каражаттарын мыйзамдаштыруу маселеси бар. Андыктан 2 млрд. доллар өлкөбүздүн экономикасына салым кошкон чет жердеги жарандарыбыздын өз мекениндеги татыктуу карылыгын камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, бул жааттагы мамлекеттер аралык макулдашууларды тездетишибиз керек.

- Баарыбыз билгендей жаштар арасында пенсия маселесине көңүл кош карап, келечегин унуткарып койгондор арбын. Бул жаатта пикириңиз кандай?

- Ооба, бул көйгөй бар. Социалдык фондго негизинен мамлекеттик-муниципалдык кызматтарда жана ишканаларда иштеген жарандар гана тиешелүү төлөмдөрдү төлөшөт. Көпчүлүк жарандарыбыз, айрыкча жаштар келечеги үчүн кам көрүшпөйт. Керек болсо, эмгек китепчеси жоктору да арбын. Андыктан, бул багытта көзөмөлдү күчөтүп, жарандарга түшүндүрүү ишин колго алуубуз зарыл. Эл аралык нормада үч социалдык төлөмдөрдү төлөгөн жаран бир пенсионерге туура келет экен. А бизде, бирге-бир. Бул албетте, кооптондуруучу көрүнүш, канчалык социалдык төлөмдөрдү төлөгөн жарандарыбыз арбын болсо, пенсиянын көлөмү да жогору болот. Муну келечегин ойлогон ар бир жаран туура кабыл алып, түшүнүүсү абзел.

Булагы: kenesh.kg

Пикир

Оставить комментарий